Бүгүн, 3-февралда көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Корчубек Акназаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер катышышты. Корчубек Акназаровдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди.

Эске салсак, 1-февраль күнү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров 97 жашында көз жумган.

Ал 1922-жылы Талас районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Ал 1-Белорус фронтунда согушуп, Варшавага чейин жетип, Висла дарыясын кечип өтүү учурунда жарадар болгон. 1946-жылы мекенине кайтып, Чаткал районундагы К. Маркс атындагы мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан соң ал бүт өмүрүн партиялык ишке арнап, 30 жылдан ашуун жетекчилик кызматтарда – Кыргызстан Компартиясынын Ак-Талаа, Жумгал жана Кочкор райондук комитеттеринин биринчи катчысы болуп эмгектенген.

Кочкор районундагы Чолпон айлындагы мектеп Акназаровдун атын алып жүрөт, Баетов айылында  бюсту жана Талас облусунун Бакай-Ата районунда бюст- эстелиги орнотулган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.