“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 2-этапта коюлган камералар 2 жумадан кийин ишке кирет. Бул тууралуу долбоорду аткарып жаткан орусиялык “Вега” компаниясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, тийиштүү кабелдерди жер алдынан алып өтүүгө мүмкүн болбогондуктан,  зымдар  эми жер үстү менен өткөрүлөт. Ал үчүн эки жумадай убакыт керектелет.

Буга чейин бүгүн, 12-марттан тарта экинчи этапта коюлган камералар ишке кирет деп маалымдалган.

Эске салсак, 12-февралда Кыргызстанда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы иштей баштаган. Анын алкагында Бишкектеги 10 көчөнүн кесилишине камералар, 17 туруктуу чек жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотулган.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.