Бүгүн, 16-январь күнү саат 08:30дар чамасында Сокулук районунда маршруттук унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Анын кесепетинен жараат алган киши каза тапты. Бул туурасында Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкармалыгынан билдирди.

Маалым болгондой, маркумдун жанынан өздүгүн тастыктаган документтер табылган эмес.

Айдоочу кармалып, коомдук унаа айып короого токтотулган. Учурда экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз