Бүгүн жергиликтүү интернет сайттардын бири такталбаган, тескери маалымат таратып, УКМКнын укуругундагы Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди «УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которулду» деп жазды.

Тескерисинче, Жумалиевдин жүрөгүнө операция жасалып, дарылоо курсу аяктаганына байланыштуу ооруканадан чыгарылып, УКМКнын тергөө абагына кайра алынып келгендигин атайын кызматтагылар билдиришти.

Тактап айтсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тарабынан депутат Жумалиев жемкорлукка шектелип кармалып, тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

Андыктан коомчулуктун башын айландырып, ар кандай такталбаган маалыматтарды таратууну кээ бирөөлөр кесипке айландырып алышкандыктары өкүнүчтүү…

Арийне, атайылап коомчулукту козутуу үчүн жалган маалыматтарды таратууну адатка айландырган ушакчыларды жоопкерчиликке тартуу зарыл болуп турат!

Мыйзам чегинде ушакчылардын оозун тыйбаса, алардын жоопкерсиз, арам аракеттери коомго бүлүк салып, элдин эсин эки кылып, өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнө чоң зыян алып келет.

Сөз эркиндиги деп эле оозго келгенди оттой берүү жарабайт!

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.