Мамлекеттик бажы кызматы “Кыргызстандан аткезчилик жолу менен Кытайга ташылып кетти” делген алтын концентраты боюнча комментарий берди. Мекеменин маалыматына караганда, импорт жана экспорт Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органы тарабынан ишканаларга берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылат.

Ал эми алтын концентратын сыртка ташып кеткен “Гик Кайди” компаниясына ыйгарым укуктуу орган быйыл 26-августта флотациялык концентратты экспорттоого лицензия бергени белгилүү болду. Бажы кызматкерлери ишкананын уруксат документтерин көрүп концентраттарды сыртка чыгарышканы кабарланды.

Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев 22-сентябрда Кыргызстандан аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголгон алтын концентраты Кытайга чыгарылып кеткенин билдирген.

Анын сөзү боюнча, 17 фурага жүктөлгөн контрабандалык алтын концентраты “Эркечтам” бекетинде кармалып турган болчу, аны “Достук” постту аркылуу ташып кетишкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.