Конституциялык палатанын сот залы менен китепканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, бүгүн, 11-июнда салтанаттуу азем менен ачылды.

Ачылуу аземине, Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Сотунун Төрайымы Гүлбара Калиева, Конституциялык палатанын Төрагасы Эркинбек Мамыров жана Юстиция Министри Марат Жаманкулов баштаган Конституциялык палатанын соттору жана кызматкерлери катышты.

Аталган долбоор Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана коордианциялоо башкармалыгы тарабына ишке ашырылды.

Оңдоо иштерине  96 миң 582 доллар сарпталган.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз