Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодогу добуштарды эсептөө уланып жатат. 12-январда саат 10:00гө карата 2386 шайлоо тилкесинин ичинен 2474 (96,44%) шайлоо тилкесиндеги бюллетендердин кол менен эсептелгенден кийинки жыйынтыгы БШКга түштү. Ага ылайык, Садыр Жапаров шайлоочулардын 83,49% добушуна ээ болуп алдыңкы сапта. Экинчи орунда 6,38% менен Адахан Мадумаров, андан кийинки орунда 1,89% менен Бабыржан Төлбаев келе жатат. Ал эми Мыктыбек Арстанбек шайлоочулардын 1,74, Имамидин Ташов 1,14, Абдил Сегизбаев 1,07 пайыз добушуна ээ болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.