Чүйдүн Кой-Таш айылындагы  аскердик бөлүктө кызмат кылган офицер асынып алынгандыгы тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы билдирүүдө.

Ал маалыматтарга караганда, окуя кечээ 10-ноябрда болгон. Анын асынып алган денеси өзү жашаган кызматтык үйдөн табылган. Учурда Аскер прокуратурасы ал ишти иликтеп жатат.

Буга чейин да эки жоокердин каза болгондугу маалым.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.