Аламүдүн районунун  Кой-Таш айылынын тургуну Шамшидин уулу Аббас уй союп, 15 муктаж үй-бүлөгө таратып берди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Кайрымдуулук иш чарасы айыл имамы Адис Саякбаев тарабынан  уюштурулган.

Аламүдүн районунун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов: “Кайрымдуулук кылуу Алла Тааланын алдында абдан соопту иштерден. Биз бул айылдагы муктаждарга жардам берүүнү максат кылып, ниетибиз орундалды”,- деди.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз