Дүйнөдө кофенин кеңири тараган 5 түрү бар. Алар: эспрессо, макиато, американо, капучино жана латте. Эспрессо эң күчтүү кофе болуп саналат. Макиатодо эспрессо менен сүт көбүгүнүн өлчөмү бирдей болот. Американо – даяр эспрессого суу кошулат. Муну менен кофедеги ачуу даам жумшарат. Капучинону даярдоодо эспрессо,ысык сүт, сүт көбүгү бирдей өлчөмдө кошулат. Латте – төрттөн бир бөлүгү эспрессо, калгандары ысык сүт, сүт көбүгүнөн турат.

(Экпрессо)

Кофенин мекени

Кофенин 80ге жакын сорту бар, сатылышы боюнча дүйнөдө нефтиден кийинки эле экинчи орунда турган товар. 2016-жылдын көрсөткүчү боюнча кофени эң көп өстүргөн 5 өлкө аныкталган. Алар: Бразилия, Вьетнам, Колумбия, Индонезия жана Эфиопия. Тарых барактарында кофенин мекени болуп Эфиопиянын аты жазылган.

(Американо)

Американо кофе

«Кофе» Эфиопиянын Каффа аймагынын атынан аталып калган делет. Ал эми Кыргызстанда кофе ичүүнүн маданияты 1995-жылдан тарта өнүгө баштаган. Акыркы беш жылда аталган суусундукка кызыккандар көбөйүп, кофе жасоочу жайга түштө, кечинде кофе ичүүгө көп келишет.

(Капучино)

Капучино кофе
Эң кымбат кофе заңдан алынат

Дүйнөдө эң кымбат кофелер пилдин жана мусанг жаныбарынын заңынан алынат. Жаныбарлар заңдаган соң кофе мөмөлөрүн терип алышып, жууп-тазалап, андан кийин өндүрүштө пайдаланышат. 32 килограмм кофе мөмөсүнөн 1 килограмм «кара тумшук» алынат да, баасы 1100 долларга жетет.

(Латте)

Ал эми даяр 1 кружка кофе 50 долларга бааланат. Европада дүң баасы 1 килограмм 400 доллар турат.

(Макиато)

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз