«Жылда коммерциялык жана техникалык жоготуулар жогору экенин айтабыз, бирок кырдаалды өзгөртүү үчүн реалдуу кадам жасалбай жатат. Быйыл суу аз болору айтылууда, кырдаалдан кандайдыр бир жол менен чыгышыбыз керек да. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча өткөргөн коллегиясында билдирди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: “Канча жылдан бери чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүү тууралуу айтып келе жатабыз, бирок бул багыттын өсүшү үчүн далилдүү иштердин планы жок. Ата мекендик экономиканын үч багыты – энергетика, өнөр жай жер казынасы, анын кыймылдаткыч күчү болуп саналат. Бирок бул тармактарды өнүктүрүүнүн жаңы баскычына чыгарууга мүмкүнчүлүк түзө турган реалдуу сунуштар, кадамдар жетишсиз болууда. Иш ачык эмес, чечкиндүү жана ырааттуу аракеттер жасалбайт. Тыянак чыгаруу зарыл», – деди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине Өкмөт тарабынан коюлган милдеттерди дээрлик натыйжалуу ишке ашыруу үчүн  аткаруу тартибин күчөтүү менен башкаруунун жаңы принциптерин жана механизмдерин ишке киргизүү тапшырмасын берди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.