Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдө каза болгон кыргызстандык жарандардын сөөгүн мекенине алып келүүгө кеткен чыгымдарды жабуу үчүн маркумдун жакындарына бир жолку төлөм каралганын эске салат. Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында өлкө президенти “Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу тартиби жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Аны ишке ашыруу үчүн өкмөт апрель айында “Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн алып келүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомун кабыл алган. Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагында ТИМдин алдындагы Тышкы миграция департаментинен же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат. Бир жолку төлөмдү алуу үчүн документ талап кылынат.

Алар: арыз; акча каражатын алуучунун паспортунун көчүрмөсү; туугандык жакындыгын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (нике күбөлүгү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк); өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же консулдук каттоого туруу белгиси, же болбосо өлгөндүгү жөнүндө апостиль коюлган маалымдама керектелет. ТИМ төлөмдүн суммасы боюнча кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалашты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.