Премьер-министр Улукбек Марипов 21-февралда өлкөдөгү ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен баарлашып, алар менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты. Жолугушуунун негизги максаты – экономиканы жандандырууда демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болду. Жекшембидеги жолугушуу эркин микрофон форматында өттү. Анда ишкерлер идеяларын жана көйгөйлөрүн ортого салууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Улукбек Марипов мындай жолугушуулар өкмөт менен ишкер чөйрөнүн пикир алышуусун күчөтөрүн белгилеп, баарлашууну мындан ары дагы улантууну сунуштады. Өкмөт башчы кыргыз бийлиги ишкер чөйрөдөгү ачык-айкындыкты камсыздоого даяр экенин билдирип, ал үчүн түрдүү демилгелерге, ишкерлерге инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык стартаптарды колдоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга даярдыгын эскертти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.