Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстанга жасаган иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Бул тууралуу Өкмөттүк аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Марипов жана Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов көргөзмө залдарын кыдырып, Өзбекстанда өндүрүлгөн продукциялар коюлган күркөлөрдү жана өндүрүштүк цехтерди көрүп чыгышты.

Ал жерден делегация мүчөлөрү газ эсептегичтерин, өнөр жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насосторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык завод менен таанышты.

Аталган технопарк жогорку технологиялык өндүрүштү түзүүгө, экспортко жана импортту алмаштырууга багыт алган өндүрүштүк ишканалар тобун түзөт. Өкмөт башчы Улукбек Марипов «Яшнабад» технопаркындагы өнөр жай өндүрүшүнүн жогорку натыйжаларын белгилеп, мындан ары карай ийгиликтерди жана өнүгүүнү каалады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.