Бишкек шаарындагы ири кинотеатрларга имараттарынын алдыңкы бетиндеги көрнөк-жарнак, афишалык баннерлери менен LED-мониторлорду алуу талабы коюлду. Бул тууралуу “Бишкек башкы архитектура” муниципалдык ишканасы кабарлады. Мекеме “Ала-Тоо”, “Россия”, “Манас” жана “Октябрь” кинотеатрларынын жетекчилерине тиешелүү билдирүү жөнөткөн.

“Акыркы убакта бул имараттардын маңдайы кинопремьеранын анонсуна, афишалык баннерлерге, деги эле жарнамаларга толуп, дээрлик фасад көрүнбөй калды”, — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле Бишкекте кайрадан афиша чаптаган тумбалар пайда болору айтылды.

“Бишкек башкы архитектура” кинотеатрлардын айрымдары республикалык маанидеги архитектуралык эстелик статусуна ээ экендигин, айрымдары тарыхый мурастардын корголуучу аймагында жайгашканын белгиледи. Ошондой эле мекеме шаардыктар тарыхый-маданий мурас объектилерине сый-урмат менен мамиле кылышы керектигин кошумчалаган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.