Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бүгүн Москва убактысы боюнча саат 11:01 Владивостокко брондолгон поезд менен келди. Аялдамага жакындаганда эле анын күзөтчүлөрү поезд менен кошо жүгүрүштү. Бул тууралуу орусиянын маалымат каражаттары билдирди.

Поезд токтогондо Ким Чен Ын  перронго күлүп чыгып, аны менен жолугушууга келгендер менен учурашты. Андан соң Түндүк Кореянын лидери лимузинге отуруп, резиденцияга бет алды.

Эртең 25-апрелде ал Россиянын президенти Путин менен жолугушат. Ким Чен Ын: “Мен Россияга келүүнү көптөн бери самап жүргөм. В. Путин менен эртең болчу жолугушуу жемиштүү жана пайдалуу болот. Биз Корея жарым аралындагы көйгөйдү чечүүнү макулдашабыз. Эки өлкөнүн ортосундагы кыматташтыкты да талкуулайбыз”,-деди.

Бул ирет Ким Чен Ын  Россияга алгачкы ирет келди. Ал ишембиге чейин Владивостокто болот.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.