Кыргызстандын Улуттук банкы 25-мартта кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 43 миллион 700 миң доллар чыгарды.

Соңку интервенция 11-мартта жүргүзүлгөн. Анда сатыкка 30 миллион 600 миң доллар чыгарылган. 4-февралда 38 миллион доллар сатылган. 28-январда 45 миллион 700 миң доллар сатыкка коюлуп, бул интервенция 2021-жылдагы биринчи жана он айдан берки эң көп суммадагысы болуп калган.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар 2020-жылдын март айында 85 сомго жетип, кийин кайра арзандай баштаган. Учурда акча алмаштыруучу жайларда доллар 84,90 сомдун тегерегинде болуп жатат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.