Билим берүү министрлиги 2019-жылдагы аттестаттарды да катасы менен басып чыгарган. Бул туурасында Нурболот Азаматов аттуу бүтүрүүчү  соцтүйүндөгү баракчасына жазып чыкты.

Анда “н” тамгасынын ордуна “ң” тамгасын алмаштырып жазышкан.

Сүйүнүп бүтө элек болчумун, аясаңар боло!Аттестатта ката табылды деген кабарды окуп, ишенбей барып өзүмдүкүн…

Опубликовано Нурболот Азаматов Понедельник, 24 июня 2019 г.

Бүгүн аталган документти өлкө боюнча миңдеген бүтүрүүчүлөр колдоруна алышкан.

Белгилей кетсек,  2017-жылдагы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн да аттестаттарына “документ жараксыз” деп ката жазып беришкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.