Үстүбүздөгү жылы 24-октябрдан 31-октябрга чейинки мезгил ичинде көмүрдүн республикадагы орточо баасы бир тонна үчүн 1,48 сомго төмөндөдү.

2019-жылдын 31-октябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо керектөөчү баалары Баткенде бир тонна – 8246,21 сом, Кара-Суу районунда 8124,04 сом жана Ноокат шаарында  7113,79 сом экендиги катталды. Статистика комитеттинин маалыматына караганда, ушул эле учурда минималдуу чекене баалар Чаек айылында бир тонна – 2500 сом, Нарын шаарында  3549,65 сом жана Балыкчы шаарында  3694,59 сом экендиги аныкталган.

Муну менен бирге көмүрдүн чекене баасы Кербенде – тоннасы 398,94 сомго, же 9,3 пайызга, Баткенде – тоннасы 246,21 сомго, же 3,1 пайызга жана Таласта – тоннасы 200,26 сомго, же 4,2 пайызга жогорулады.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.