Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропортто оңдоп-түзөө иштери аяктагандыгына байланыштуу  атайын комиссия барып текшерип келген. Анда айрым кемчиликтер  табылган. Ошол иштер бүткөрүлсө учактар жүргүнчүлөрдү ташып, уча баштайт.  Каттам июнь айында ишке кирип калышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды.

Эске сала кетсек, буга чейин май айынын башында Кербен аба майданы кызмат көрсөтө баштай тургандыгы айтылган эле.