Орусиянын Кемерово облусунда жеке турак үйдөн өрт чыгып, жалпы 8 адам каза тапты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыкты.

Тилсиз жоо тууралуу кабар таңкы саат 4тө келип түшкөн. Бир саатта өрт чектөөгө алынып, бир өрт өчүрүүчү кызматкер жабыркаган.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондордун баары бир үй-бүлө мүчөлөрү болгон.    Кырсыктан  42 жаштагы үй кожойкеси гана тирүү калып, аялдын 72- жаштагы апасы, 30 жаштагы бирге жашаган курбусу, 3 баласы жана 3 небереси көз жумган.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын басма сөз каражаттары маалымдайт.

 

 

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз