Казакстанда 70 жаштагы эне төрт келининен кордук көрүп, өз уулдарынын үйүнө батпай көчөдө калганын айтып, жергиликтүү телеканалдардын бирине кайрылган.

“Абышкам биринчи келинибизди алганда эле каза болгон, кийинки келиндерди көрбөдү. Ал болсо да жашоо бираз жеңил болмок деп ойлойм. Азыр неберелерими бир нерседен тыйып койсом келиним жулмалап кирет. Өз неберелериме да сүйлөй албайм. Учурда жат эле жигиттин үйүндө баш калкалап жүрөм. Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай баккан балдарымын бирөөсү келет бекен деп күндө терезени акмалап отурам. Эки кызым бар, бири 6 айлык уулун таштаган бойдон дайынсыз, экинчи кызымын уулу оорукчан”,- дейт Мырзагүл апа.

Ал эми чыгармачыл топтун суроолоруна жооп берип, жүзүн көрсөткүсү келбеген коңшусу эненин кыялы аябай катаал экенин айтат.

Эксперттер болсо улгайган кемпирдин арманын, атайын балдарынан алимент төлөтүү максатында ойлоп табылган окуя деп баалашты.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз