Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкеримов кызматын таштагандыгы желдей тарады.
Бирок министрликтегилер азырынча бул маалыматты тастыктай элек.
Анткен менен Сабиржан мырза Бишкекте эмес Германияда даарыланып жаткандыгы тууралуу каңшаар сөз дале күчүндө.
Ушул күнгө чейин неге мен бул жерде элемин деп видео билдирүүнү жасаган жок.
Же министрлик баш, Өкмөт төш болуп элди алдап жатабы табышмак.
Башкалар эки жума ооруп сакайып, ишке чыгып жатышат.
А биздин министр бир айдан бери айыкпай койду.
Же, чын эле Германиядан учуп келе албай жатабы?..
“Калптын казаны кайнабайт” болуп, чындап эле Абдыкеримов чет өлкөдө болсо, анда эле бийликтин абийири айрандай төгүлөтго…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.