Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкан 11 мамлекеттин өкүлдөрү (алардын ичинде казакстандыктар да болгон), 8-сентябрда Ысык-Көлдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  жыйынтыгында  – Көк бөрү боюнча биринчи жолу дүйнөлүк чемпионат Өзбекстанда өтө турган болгондугу маалым болду. Бул сүйлөшүүлөр  Өбекстандын көк бөру федерациясынын жетекчилиги жана Өзбекстандын спорт министрлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн.

“Чечим кабыл алынды бирок, азырынча чемпионат кошуна өлкөнүн кайсы шаарында, кайсы убакта өтөөрү белгилене элек. Мелдештер “көк бөрүнүн эрежеси боюнча өтөт” – деп, билдирди КРнын Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов

Эске сала кетчү жагдай, 2017-жылы Астана шаарында көкпар (көк бөрүнүн казакча үлгүсү,  тай казандын ордуна – жерге чийилген тегерек, үч таймдын ордуна – эки тайм) боюнча дүйнөлүк биринчи чемпионат өткөн. Ал мелдештин финалында Казакстандын курама командасы Кыргызстандын курамасын утуп алган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.