Президент Садыр Жапаров 26-апрелде мамлекеттик телеканалдардын бирине түз эфирде маек куруп, акыркы учурда коомдо кызуу талкууланган айрым маселелер боюнча суроолорго жооп берди. Маек учурунда ал Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча иретинде өлкөнүн аймактарынын борбор шаарларында жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун киргизерин айтты.

Ал белгилегендей, казинолор өлкөнүн бардык жагында, Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда, ачылышы керек. “Мен азыр Кыргызстандын жарандары кумарканалардын эшигин аттабайт деп мыйзамга киргизгиле деп жатам. Бул чет өлкөлүктөр үчүн эле ачылат”, – деди Жапаров.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.