Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек автожолу” контролдук-өткөрмө пунктуна жакын жердеги транспорттук текшерүү жана товарларды эсепке алуунун убактылуу пунктунан ири мүйүздүү малдарды мыйзамсыз алып келе жаткандарга бөгөт койду. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Атап айтканда, 180 баш ири мүйүздүү малды ташыган машиналар кармалган. Импорттоочулардын салыктык каттоо жөнүндөгү салык органынын маалымкаты жана башка документтери болгон эмес.

Бузуу фактылары боюнча материалдар мыйзамга ылайык андан аркы иш-чараларды көрүү үчүн мобилдик топко (ЭККМК) берилди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.