Казакстандык белгилүү актер, каскадер Касым Жумагужин  4-ноябрда “Хэллоуин” майрамына арналган иш-чарада муунган трюкту көрсөтүп жатып, каза болгон. Бул тууралуу казак басылмалары билдирди.

Окуя Алматы шаарындагы барлардын биринде катталган.

Менеджеринин айтымында, актер сценарий боюнча ал арканда асылган мумияны туурап жаткан. Ал трюктарды аткарууда кийилчү атайын жилет менен болгон. Аны көтөрүшкөндө, баары жайында экенин билдирген.  15 мүнөттүк трюктан кийин аны 3 метрлик бийиктиктен түшүрүшкөн. Артист бул учурда тирүү болгон менен шалдырап калган.

Тез жардам чакырылып, биринчи жардам көрсөткөн. Дарыгерлердин аракетине карабай актер көз жумган. Соттук-медициналык экспертиза анын жүрөк  булчуңунун инфарктынан улам өлгөнүн аныктаган.

Интернеттен алынган тасма

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз