Казакстандын Актөбө облусунда окуучу кыздардын жоолукчан мектепке баруусу чырга айланууда. Аталган чырга Актөбө облусутук соту аралашууга аргасыз болууда.  Актөбө облустук соту Шалкар шаарынын жашоочулары Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун доо арызын карап, жоолукчан кыздарды сабакка киргизбеген мектеп жетекчилигинин чечимин “туура” деп тапты. Ага ылайык

Казакстандын облусунта жоолук маселесине байланыштуу мектепке киргизилбеген 22 окуучу кийинки класстарга көчүрүлбөйт.

Ал эми кыздарын жоолукчан мектепке жөнөтүүнү каалаган жарандар Казакстан Конституциясына таянуу менен балдары шарият шарттары менен кийинүүгө укуктуу деп эсептешет. Мектеп жетекчилиги болсо окуучулар Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген буйрук боюнча бирдиктүү форманы сакташы керек деген позицияны бекем кармап келишет.

Ербол Турганбаев менен Нурбол Сүйүндүковдун адвокаты эми Жогорку сотко арызданарын билдирди.

NewTV

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.