Казакстанда таажылуу вирустан бир аял каза болду.

Буга чейин Нур-Султанда төрт бейтаптын абалы туруктуу оор деп бааланып жатканы, бир адам жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылганы кабарланган.

Акыркы маалыматтар боюнча Казакстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 113кө жетти.

28-марттан тартып өлкөнүн Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында карантин чаралары күчөтүлөт. Коомдук транспорттун жүрүшү чектелип, үчтөн ашык кишинин жолугушуусуна тыюу салынат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.