Катуу суукка байланыштуу Казакстандын бир нече облусунда мектептерде сабактар токтотулду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Аба ырайына байланыштуу өлкөдөгү бир топ автоунаа жолдорунда кыймыл да чектөөгө алынды.

Ушул жуманын башында Казгидромет чукул билдирүү таратып, өлкөнүн 10 облусунда катуу суук болуп, температура минус 45 градуска чейин жетиши мүмкүн экенин эскерткен.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз