Казакстандын Астана шаарында эки кабаттуу жатаканадан өрт чыгып, анын кесепетинен бир үй-бүлөнүн 4 уулу иске ууланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.

Маалым болгондой, имараттын бир бөлмөсүнүн ичиндеги кийим-кече, эмеректер күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр жатаканадан 11 кишини куткарууга жетишкен.

Тилсиз жоо электр зымдарынын бири-бирине тийишүүсүнөн улам келип чыкканы айтылууда.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.