Астана Шинжаңдагы «кайра тарбиялоо лагерлери» тууралуу билдирүүлөрдөн кийин Кытайдын элчилигине нато жөнөттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

Бир нече күн мурун Кытайдан келген казак улутундагы өспүрүмдөр Шинжаң аймагындагы саясий тарбия берүүчү лагерлерде кармалган ата-энелери тууралуу видеокайрылуу жасап, Казакстандын бийлигинен жардам сурашкан.

Смадияров: ” Бизде бул тууралуу маалыматтар бар. Кытай тараптан тиешелүү иштер жүрүүдө, сүйлөшүп жатабыз. Астанадагы Кытайдын элчилигине дипломатиялык ноталар жөнөтүлдү. Мындан тышкары биздин Пекиндеги элчилик аркылуу иштер жүргүзүлүп жатат. Бул балдардын айрымдарынын ата-энелерин билебиз, алар боюнча маалыматтар такталууда. Биз тараптан текшерилген бардык маалыматтар тиркелип, дипломатиялык нота жөнөтүлдү, кытай тараптан аларды тактап берүүнү өтүндүк. Ал балдардын арасында ТИМге расмий кайрылбагандары да бар экен. Ошондуктан биз аларга бардык документтер менен маалыматтарды топтоп, расмий кайрылгыла деген сунуш берип жатабыз. Андан соң биз алар боюнча текшерүү иштерин баштайбыз”, – деди.

Анын айтымында, Кытайга өтүнүч жиберердин алдында мекеме укук коргоо органдары менен биргеликте өспүрүмдөр жана алардын ата-энелери тууралуу маалыматтарды текшерүүдө.

Кытайда улуттук азчылык өкүлдөрү, анын ичинде казактар камалып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөр былтыр апрелден тарта айтыла баштаган. Туугандары Кытайда калган Казакстандагы казактар маалымат жыйындарын өткөрүп, туугандарын камактан чыгаруу өтүнүчү менен Астана жана Пекинге кайрылууларды жолдоп келишет. Алар туугандары «саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде» негизсиз кармалып турат деп эсептешүүдө.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз