Акыркы айларда күйүүчү майларга болгон баанын көтөрүлгөндүгү маалым. Мындан ары да аталган товарларга болгон баа кымбаттабайт деп кесе айтуу кыйын. Андыктан өкмөт баалардын кымбаттосунун алдын алуусу керек.  Ал эми экономика министри Олег Панкратовдун маалыматына караганда, кыргыз өкмөтү расмий Астана менен бажы салыктарысыз мунай заттарын ташып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эгер Казакстан менен бажы салыгысыз келишим түзүлсө, Орусиянын өндүрүшүнө альтернативдүү мунай пайда болот.

Буга чейин коңшу өлкө өздөрүн мунай менен толук камсыздай алган эмес. Эми жаңы базар издеп жатат.

Учурда Кыргызстанга мунай Орусиядан  гана ташылып келет. Статистикалык маалыматтарга таянсак, мунайдын баасы орто эсеп менен 5-7% кымбаттады. Эгер күйүүчү майдын баасы белгиленген сызыктан да көтөрүлүп кетсе, мамлекеттик жөнгө салуу ишке кирет. Буга азырынча зарылдык жок. Себеби атаандаштык баанын төмөндөшүн шарттайт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.