Казакстан Евразия Экономикалык Биримдигинин мыйзамдарын бузган жок, болгону товарлардын документтерге толугу менен ылайык келүүсүн талап кылып жатат. Бул тууралуу Казакстандын кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов маалымат жыйынында билдирген.

“Биз жүктөргө тыюу салып же чектөө киргизген жокпуз. Жөн гана жүктөр документтерге ылайык келүүсүн талап кылып жатабыз. Ал жерде бир товар көрсөтүлүп, бирок факты боюнча башка жүк болот. Же болбосо Кыргызстандан Орусияга жөнөтүлүүчү транзит катары айтылып, бирок ал жүктөр Казакстанда калып жатат. Кыйыр салыктарды өндүрүү маселеси ачык бойдон калууда. Мисалы,товар Казакстанга алынып келсе, анда салык бул жерде төлөнүшү керек”, – дейт Рахимов.

Белгилей кетсек, 19-марттан бери кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандан барган жүк ташуучу унаалар катуу текшерилип, мунун айынан чек арадан өтө албай турган унаалардын узун кезеги пайда болгон.

 

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.