Казакстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинде инвестиция тартууга ыңгайлуулугу боюнча биринчи орунга чыкты. Өткөн жылы Казакстан 24 млрд. түз ивестиция тарткан. АКШ, Нидерланд, Швейцария, Россия жана Кытай өлкөлөрүнүн инвесторлору инвестицияларын салышкан.

Тышкы иштер министринин орун басары Ермек Кошербаевдин маалыматына караганда, өткөн жылы инвестиция тартуу 15,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан 851 млн, Тажикстандан 645 млн. Өзбекстандан 624 млн. доллар көп тарткан.

Кошербаев: “Казакстан Борбордук Азияда инвесторлорду тартуу боюнча лидер болуп калды. Эгемендүүлүк жылдар ичинде жалпысынан 320 млрд. инвестиция кирди”,-деди.

Анын маалыматтарына караганда, айрыкча Нидерланд өлкөсү инвестицияны арбын салууда. Алар нефть жана газ өндүрүүгө кызыгышууда.  Казак бийлиги сырткы өлкөлөрдөн келген түз инвесторлорго жеңилдик берүу жагынан атайын мыйзам актыларын иштеп чыгышкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.