Буга чейин Ысык – Көл, Нарын облустарында катуу жааган кардан, сууктан бир нече миңдеген кой, эчкилер жана бодо малдар кырылган. Анда бир нече малчылар бир заматта мал жандыктарынан кур жалак калышты. Албетте, бул жаратылыштын айттырбай келген кырсыгы болду. Бирок, өкмөт ал келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтуруу боюнча азырынча ооз ача элек.

Ошентсе да бүгүн,  Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында бир жума мурда жааган карда мал чыгымдарына кабылган фермерлердин маселеси көтөрүлдү. Бул маалыматты ЖКнын пресс кызматы билдирди.

Депутат Данияр Аттокуров 24-25-май күндөрүндө Ысык-Көл облусунун сырт жайлоолорунда жааган карда малчылар чоң чыгымга учурап, миңдеген малдар кырылгандыгын маалымдады. Данияр Аттокуров “Фермерлер Өкмөттөн жардам күтүп жатышат. Менчик мал болсо дагы кандайдыр бир көмөк көрсөтүү керек. Алар дагы өлкөнүн айыл чарбасына, экономикасына өз салымдарын кошуп келишкен. Андыктан, Өкмөттүн тиешелүү министрликтерин чакырып, кандай жардам көрсөтө алат, угуп койсок”,- деди.

Депутат Чыныбай Турсунбеков дагы 24-25-майдагы жаратылыш кырсыгы тоолуу Нарын облусунун жайлоолорундагы мал жандыктарын каптап өткөндүгүн ортого салды. Анын айтымында, миңдеген мал чыгымга учураган. Алардын бир тобу мал жандыктарын насыяга акча алып, сатып алышкан экен. Айрымдарынын акыркы малдары экен.

Чыныбай Турсунбеков: “Мындай шартта аткаруу бийлиги кол кабыш кылбаса, анда алсыздыгын көрсөткөн болот”,- деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.