Доха шаарында Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Борбордук банкынын Башкаруучусу Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өз ара кызматташтык талкууланып, ошондой эле 2019-жылдын календарлык планына киргизилген эки тараптуу иш-чаралар макулдашылды. Элчи Нуран Ниязалиев республикада каржылоо ислам принциптерин жайылтуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, бул тармактагы катарлык тажрыйба менен таанышууга кызыкдар экендигибизди белгиледи.

Шейх Абдулла бин Сауд Аль-Тани Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу мамилелер күчөп баратканын канааттануу менен билдирди жана банктар аралык тармагында өз ара кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуулугун белгилеп, ошондой эле катарлык банктардын өкүлдөрүнүн Бишкекке сапарын уюштурууну сунуштады.

Жолугушуунун аягында Элчи Н.Ниязалиев Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Төрагасы Т.Абдыгуловдун Шейхке жиберген чакыруусун тапшырды.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз