Доха шаарында, Кыргызстандын Катардагы Элчиси Нуран Ниязалиев «Видам Фуд» катарлык компаниянын Башкы аткаруучу директору Абдулрахман Бин Мохаммед Аль-Хаярин мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Катар Мамлекетине Кыргызстандан эт жөнөтүү маселеси талкууланды. Элчи Нуран Ниязалиев Кыргыз Республикасынын эт өндүрүү жана экспорттоо тармактарындагы азыркы абалы боюнча кеңири маалымат берип, өзгөчө анын жогорку сапатын белгилеп кетти.

Өз тарабынан «Видам Фуд» компаниянын башчысы Кыргызстандын бул тармактагы тиешелүү өндүрүүчүлөрү менен байланышка кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан Катарга этти экспорттоо боюнча чогуу кызматташтык жөнүндө макулдашылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.