Үй-бүлөлүк зомбулуктан канча аял каза тапканын так айта албаган ИИМдин башчысынын орун басары Памир Асанов вице-спикер Аида Касымалиеванын жемесинде калды.

Касымалиева өткөн жылдары үй-бүлөлүк зомбулуктан көз жумган аялдардын санын сураган. Бирок ИИМ башчысынын орун басары бир топко чейин эжелеп так санын айта албай калды.

“Бул жерге келип алып эжелеп кагаздан карап отурасыз, жакшылап даярданып анан келбейсизби? Азыр өзүңүздүн айтканыңызга өзүңүз түшүндүңүзбү? Ушул иштердин баары ИИМдин кайдыгер мамилесинен улам көп болуп жатат. Сиздерге кайрылса да ушундай мамиле кыласыздар. Мындай иштер сиздер үчүн кылмыш эмес. Абдан уят!,-деди Касымалиева.

Бүгүн, 15-январда парламентте “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” боюнча сунушталган мыйзамдын долбоору каралууда.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.