Интернетке 70 жаштагы эненин видеосу жарыяланган. Ал карыганда төрт баласынын үйүнө батпай калгандыгын айткан. Келиндеринен кордук көргөндүгүн кошумчалап, учурда батирде жашап жаткандыгын билдирген.

Коомчулук бул видеону кызуу талкуулап, эненин уул-кыздарына оозго алгыс сөздөрдү жазышып, багып алууну каалагандар дагы чыккан.

Көп өтпөй эле 70 жаштагы Бурул эненин балдары үн катып, коомчулукка кайрылуу жасады. Ошондой эле алар апасын видеого бир жактуу кылып тарткан журналистти жоопко тартып берүүнү суранышкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.