Биздин каналдын “Whatsapp” номерине каршы тилкеде унаа айдап, башка айдоочуларга ыңгайсыздык жараткан бейбаш жигиттердин тасмасы келип түштү.

Аталган видеону жөнөткөн автордун айтымында, мындай окуя бүгүн, 7-июнь күнү Бишкектин 7-апрель жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Алар жолдо бир топ ыңгайсыздык жаратканын, көзөмөлдөгөн эч ким жок экендигин кошумчалады.

Кадрлардан каршы тилкедеги эки унаанын жол тыгынын жаратканы аз келгенсип, ичинде отурган жигиттер терезелерден баштарын чыгарып, уюлдук телефондорго тартып жатканын көрүүгө болот. 

ы

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.