Өзбекстанда абакта жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Гүлнара Каримованы соцтүйүндөр аркылуу жактаган маданият кызматкерлери эфирден  четтетилди. 

Маалыматка ылайык, Өзбекстандагы Zo’rTV жеке каналы ырчы Жахонгир Позилжонов менен актриса Халима Ибрагимованын эфирге чыгуусуна тыюу салган. Ошондой эле ырчылар Райхон Ганиева менен Зиёда Кобилованын ырлары да алынган.

Белгилей кетсек, 24-25-июнда өзбек шоу-бизнесинин айрым өкүлдөрү социалдык түйүндөр аркылуу Гүлнара Каримованы колдогон челленж уюштуруп, аны эртерээк бошотууну суранышкан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.