Каракол шаарынын 150, Ысык-Көл облусунун 80 жылдыгына карата “Ысык-Көлүм бабалардан мурасым, Караколум дастан болуп турасың” аттуу эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эл аралык айтышка кыргыз акындарынан тышкары, Казакстандан жана Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдуу обулусунан келген төкмөлөрдүн да катышары күтүлүүдө. 1-туру Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында саат 13:00дө башталат. Ал эми финалга чыккан акындардын айтышы 1-июль күнү саат 17:00дө Каракол шаарынын борбордук аянтында өтөт.

Айтыштын жалпы байге фонду — 500 миң сом.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз