Жергиликтүү тургундардан милицияга каракчылык фактысы боюнча арыз келип түшкөн.

Бул тууралуу Бишкек ШИИБинен билдиришти. 

Жабырлануучулар өз арыздарында ушул жылдын 19-март күнү болжол менен саат 23:00 чамасында белгисиз үч адам жабырлануучуларга (жубайларга) күч колдонушуп, ичинде 35 миң сом акча, алтын буюмдар (сөйкө) бар барсеткасын, ошондой эле “NOKIA-E72” жана “Редми-Х4” үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун тартып алышкандарын билдиришкен.

Бул факты Октябрь РИИБине каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Октябрь РИИБнин кызматкерлери Бишкек ШИИББнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүлөрдү кармашкан.

Алар, Жалал-Абад облусунун 1991-жылы туулган В.И., 1997-жылы туулган М.Ф. жана 1994-жылы туулган А.у.А аттуу жашоочулары болушат.

Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүүлөрдү бири 1997-жылы туулган М.Ф. аттуу жаран Россия Федерациясында “Адам өлтүрүү” жана “Каракчылык” беренелери менен изделүүдө жүргөндүгү аныкталган.

Кармалган жарандар Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизилишип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз