Ысык-Көл облусунда карагай басып калган 34 жаштагы тургун каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 22-декабрь күнү саат 18:30да облустун Ак-Суу районундагы Жыргалаң шахтасында карагай кыйып жаткан учурда 34 жаштагы тургунду бак басып калган. Жерине ӨКМдин №7 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун сөөгүн карагайдын алдынан алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришкен.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.