Кара-Суудагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин куткаруучулар тартылып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада бүгүн, 23-майда таңкы саат 7:30дар чамасында маркумдун сөөгү куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.