Белгилүү болгондой кечээ Кара-Кече көмүр кениндеги жолго жер көчкүсү түшүп жолдун 600 метрин жаап калган.
Жер көчкүнүн көлөмү 2 миллион куб метрди түзөт.
Мынча чоң көчкүнү тазалоого бир жума убакыт кетет.
Дагы деле жер көчкүсү коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу 3,5 чакырым аралыкты түзгөн айланма жол салынмакчы.
Азыр жолдун курулушуна атайын техникаларды тартуу аракети көрүлүүдө.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.