Кара-Кече көмүрүнүн нымдуулугу орточо 22-23% түзөт. Бул Бишкекти каптаган ышка тиешеси жоктугун “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы Бишкек жылуулук электр борборунун лабораториясынан Кара-Кече көмүрүнүн бардык партиясы текшерилип, оң баасы берилгенин маалымдоодо. Маалыматка ылайык, “Кыргыз көмүр”, “Электр станциялары” ишканасынын жана ЖЭБдин ортосундагы келишимдин талабы боюнча, Кара-Кеченин көмүрү ЖЭБге толугу менен туура келет. 6-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат абага булганыч заттардын чыгышынын себептерин аныктоо фактысы боюнча Бишкек жылуулук электр борборунун жооптуу кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү ишин ачып, тергөө башталганын маалымдаган. Ага чейин финполдун жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек ЖЭБине Кара-Кеченин көмүрү туура келбегенин, ЖЭБдин курулушун кылгандар жоопко тартыларын айткан. Көп өтпөй Бишкек мэриясы да ЖЭБге Кара-Кече көмүрү туура келбесин айтып чыккан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.