Кара деңизде Танзаниянын “Канди” жана “Маэстро”  аттуу эки кемеси өрттөнүп кетти. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Аталган кырсыктан 11 адам каза таап, 12 адам ажал оозунан араң аман калган. Эки кемеде жалпысынан 32 адам болгон.

Тилсиз жоо бир кемеден экинчисине күйүүчү май куюп жаткан учурда чыккан.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.