2018-жылдын февраль айынын аягында Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде болжол менен 25-30 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат жергиликтүү жашоочулардан Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө түшкөн.

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Бул маалыматтын негизинде окуя болгон дарекке Жайыл районунун ИИБнин ыкчам-тергөө тобу чыгышып, жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда баш тарабында жаракаттар байкалып, калган денесинде эч кандай жаракаттар табылган эмес.

Милиция кызматкерлери тарабынан анын өздүгү такталып, ал Кара-Балта шаарынын 30 жаштагы К.А. аттуу жашоочусу экендиги маалым болгон. Өлүмдүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында, жансыз денеге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Экспертизанын жыйынтыгында жогорудагы жарандын баш сөөгүнө сокку болуп, баш мээси чайкалгандыгы аныкталып, экспертизанын корутундусунун негизинде Жайыл районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, бул оор кылмышка шектүү делип, 30 жаштагы К.Ф. аттуу жергиликтүү жашоочу кармалып, Жайыл районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз